Биз менен байланышыңыз

Искендер Матраимовдун “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча билдирүүсү (толугу менен)

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 1584 | 0

«Азаттыктын» иликтөөсү боюнча жаралып жаткан суроолорго байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына билдирүү жасады.

Анда «Жакында Түркияда каза болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге аралашкан окуяларга биздин үй-бүлөнүн атын дагы чаташтырып, атайын каралоо максатында даярдалган маалыматтар дагы чыгып жатты. Айеркен Саймаити өлгөндөн кийин анын ысымын бир нече адамдарга жабыштырып, кимдир-бирөөлөр кырдаалдан пайдаланып маалыматтык оюн кылып жаткансыйт. “Айрым депутаттар Айеркен Саймаити менен байланышы бар экен, чогуу сүрөткө түшүптүр”-деген маалыматтар чыгууда. Мына ушулардын чын-бышыгын иликтөө үчүн комиссия түзүү демилгесин Алтынбек Сулайманов көтөрүп чыкты. Айтылып жаткан божомолдуу айыптоолор боюнча биздин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары жөнүндө да кеп болуп жатат. Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы дагы окуяга ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм. Эгерде комиссия курамына кире турган болсом, “өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат”-деген түшүнбөстүк, шек саноолор сөзсүз болот деп ойлойм. Комиссиянын бейтараптуу чечим чыгаруусун камсыздоо максатында курамына кирбей турганымды расмий билдирем.

Иниме байланыштуу айтылып жаткан айыптоолор боюнча жооп берейин. «Азаттык» биринчи иликтөөсүндө жасалма документтерди негиз кылып жалган маалымат таратканы далилденген. Сиздерге белгилүү болгондой негиз кылып көрсөткөн документтер жасалма болуп чыккан. Экинчи иликтөөсүндө дагы ошондой эле каралоону уланткан. «Булактарыбыз айтты, атын айткандан коркту»-деген мисалдарды келтирген. Мындан тышкары, «Азаттыктын» негизги таянган булагы — алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айеркен Саймаитинин сөздөрүн бекемдеди деген маалыматтарды тараткан анонимдүү кишилер. Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан. Оор кылмышка шектелген алдамчы адамдын маалыматтары менен бизди каралоо максаттуу жүрүп жатат», — деп билдирген эл өкүлү.

Эске салсак, Искендер Матраимов «Азаттык» радиосунун үстүнөн Жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган дооматтарды караган комиссияга арыз жазып, Ошто телеберүү тартып жүргөн журналисттин каракталышы боюнча жазылган макалаларга байланыштуу даттанган. Анын арызында «Азаттыктын» орус тилиндеги сайтында текст түрүндөгү 11 макала жана журналист Ыдырыс Исаковдун бир видеорепортажы бар экендиги белгиленген. Ал окуяны чагылдыруунун сапатына баа берүүнү, журналисттик этика кодекси сакталган-сакталбаганын аныктоону суранган.

Copyright © 2017 Maral FM