Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбеков: «Иликтөө боюнча бийлик чечкиндүү кадам жасоого мажбур»

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 973 | 1

«Азаттык» басылмасынын Кыргызстандын бажысы аркылуу көмүскөдө жасалган иштерин  ачыктаган иликтөөсүнөн кийин кыргыз бийлиги бир катар чечкиндүү кадамдарды жасоого тийиш. Мындай пикирин экс-депутат Равшан Жээнбеков «Маралга» билдирди:

-Мындай иликтөөдөн кийин бийлик чечкиндүү кадамдарга барууга мажбур. Учурда парламентке, укук коргоо органдарына карата элдин ишеними кеткен. Ошондуктан, коомдук, мамлекеттик комиссия түзүп, бул жагдай боюнча иликтөө жасалышы керек. Бул бийликке болгон ишенимди жандандырууга жардам берет. Дагы бир жагынан, биздин негизги өнөктөштөр болгон Орусия жана Казакстанга товарлардын реэкспорт болушу тууралуу да кеп болгондуктан, бул эки ири өнөктөш өлкөлөр менен болгон мамилеге да доо кетти,-деп саясатчы Жээнбеков өз пикири менен бөлүштү.

Мындан сырткары, Жээнбеков аталган иликтөөнү  «Азаттык» радиосу «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги биргеликте жасагандыктан, эл аралык мааниге ээ болуп жатканын да кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөсү жарыяланды.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    22.11.2019 15:57

    Равшан Жээнбеков ун озунун жалгыз коз карашы. Президенттин ишмердуулугун жалгыз кишиден, же эки уч кишини чакырып сурап, маалымат катары жазган туура эмес. Алар ошол бийликке жакын жургон адамдардын коз карашы. Кыргызстанда, канча шаар, айыл бар канча эл жашайт ошолордун 5-10% тин барып сураш керек, элдин президенттин ишмердуулугуно кайсы регион, шаарын коз карашы кандай? Бишкектеги торт кишини кайра кайра сурай бербей.Айылда Жээнбековтон акылдуу, политик, окмоттук иштерде иштеген билимдуулор толтура.
    Азаттыкты ачсан эле Карасартова, Жээнбеков, Акун. Же бир эки депутат тили бар колу жок.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM