Марал Радиосу

Равшан Жээнбеков: «Иликтөө боюнча бийлик чечкиндүү кадам жасоого мажбур»

«Азаттык» басылмасынын Кыргызстандын бажысы аркылуу көмүскөдө жасалган иштерин  ачыктаган иликтөөсүнөн кийин кыргыз бийлиги бир катар чечкиндүү кадамдарды жасоого тийиш. Мындай пикирин экс-депутат Равшан Жээнбеков «Маралга» билдирди:

-Мындай иликтөөдөн кийин бийлик чечкиндүү кадамдарга барууга мажбур. Учурда парламентке, укук коргоо органдарына карата элдин ишеними кеткен. Ошондуктан, коомдук, мамлекеттик комиссия түзүп, бул жагдай боюнча иликтөө жасалышы керек. Бул бийликке болгон ишенимди жандандырууга жардам берет. Дагы бир жагынан, биздин негизги өнөктөштөр болгон Орусия жана Казакстанга товарлардын реэкспорт болушу тууралуу да кеп болгондуктан, бул эки ири өнөктөш өлкөлөр менен болгон мамилеге да доо кетти,-деп саясатчы Жээнбеков өз пикири менен бөлүштү.

Мындан сырткары, Жээнбеков аталган иликтөөнү  «Азаттык» радиосу «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги биргеликте жасагандыктан, эл аралык мааниге ээ болуп жатканын да кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөсү жарыяланды.