Биз менен байланышыңыз

Ишкер Хабибулла Абдукадырдын инаугурацияда катышкан сүрөтү жана отурган жери талкуу жаратты

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 3826 | 2

«Азаттык» басылмасы жарыялаган иликтөөдө «Кыргызстандын көмүскө экономикасынын өзөгүн түптөдү» делген кытайлык уйгур тектүү Хабибулла Абдукадырдын президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында тартылган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Анда социалдык тармактын колдонуучулары бул уйгур тектүү кытайлык ишкер инаугурацияга кандай максат менен чакырылган деген суроону узатышкан.

Мындан сырткары, ишкер Хабибулла Абдукадырдын президент Жээнбековдун инаугурациясында отурган жери да көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Себеби уйгур тектүү кытайлык ишкер учурдагы өлкө башчынын улуу агасы, элчи Жусупбек Шариповдун жанында отурган. Сүрөттөн солдон оңго алып караганда ишкер Хабибулла Абдукадырдын жанынан президент Жээнбековдун бир тууган эжесин да көрүүгө болот.


Азаттыктын иликтөөсү боюнча Президенттик Аппарат үн катты


Ошондой эле, ишкер Хабибулла Абдукадыр «Кыргыз эл баатыры» Мамбет Мамакеев отурган катардан кийинки экинчи катарда отурганын айрым социалдык тармактын колдонуучулары сындап:

Эл баатырларынан кийинки эле катарда отурганына караганда, бийлик үчүн маанилүү адам болгонбу?-деп жазышкан.

Ал эми «Азаттыктын» иликтөөсүндө уйгур тектүү ишкер Хабибулла Абдукадыр менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тааныштыгы бар экендиги да айтылат. Бул тууралуу экс-президент:

«Аны менен мени президент Жээнбеков өзү тааныштырган, — деген жообун айткан.

Ал эми президенттин басма сөз кызматы:

-Өлкө башчы Жээнбеков, Ош облусунда губернатор болуп турганда Хабибулла Абдукадырдын иниси менен кытайлык делегация келген учурда таанышкан, — деп билдирген.

«Саймаити боюнча иликтөө Орусия менен алакага да доо кетирет»

2 пикир

2 пикир

  1. Токур

    22.11.2019 15:40

    Мамлекеттик масштабта ны корупция, ал уйгурду орун берип отургузган ким? Ошону таппай жатабы, же жон эле лох болуп корунуп жатабы? Анын орундар башка бир кыргыз болгондо давно ким экени айтылмак.

  2. Кутманбек Билиштеги

    22.11.2019 23:21

    Саламатсыздарбы Марал радиосунун жааматы, мен силер менен байланышканга кубанычтамын,ар адамдын жеке журогун ойгон ою койгойу бар ошол создорду силер аркылуу угармандарга корармандарга жеткирип берип туруунуздарды терен суранам жана ишенем,Москвадан терен урматтоо менен Билиштеги Кутманбек

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM