Биз менен байланышыңыз

Парламент Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 868 | 1

21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түздү.

Түзүлгөн комиссиянын курамына Саймаити менен байланышы бар делип айтылган Искендер Матраимов кирди. Комиссиянын курамына комиссия түзүүнү демилгелеген Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу бир катар депутаттар кирген.

Кечээ, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда атылып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаити боюнча кандайдыр бир саясий оюндар башталганын айтып, депутаттык комиссия түзүп, ишти тыкыр иликтөөнү сунуштаган.

Мындай демилгени депутаттар Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров да колдогон болчу.

Эске сала кетсек, бир жума мурда Айэркен Саймаити менен Алтынбек Сулаймановдун байланышы бар экени, “Бир Бол” фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен Саймаитинин чогуу түшкөн сүрөтү маалымат каражаттарында айтылган.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    22.11.2019 16:06

    Коркон биринчи муштайт болуп, иликтоо жургузгонду суранышкандар. Саймати менен байланышы бар депутаттар комиссияга киргени озу туура эмес. «карышкырга кой кайтарып жатышат». Бул комиссия туура чечим чыгара албайт.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM