Марал Радиосу

Парламент Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү

21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түздү.

Түзүлгөн комиссиянын курамына Саймаити менен байланышы бар делип айтылган Искендер Матраимов кирди. Комиссиянын курамына комиссия түзүүнү демилгелеген Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов сыяктуу бир катар депутаттар кирген.

Кечээ, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда атылып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаити боюнча кандайдыр бир саясий оюндар башталганын айтып, депутаттык комиссия түзүп, ишти тыкыр иликтөөнү сунуштаган.

Мындай демилгени депутаттар Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров да колдогон болчу.

Эске сала кетсек, бир жума мурда Айэркен Саймаити менен Алтынбек Сулаймановдун байланышы бар экени, “Бир Бол” фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен Саймаитинин чогуу түшкөн сүрөтү маалымат каражаттарында айтылган.