Биз менен байланышыңыз

Санкт-Петербургда КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын 50-маарекелик жыйыны башталды

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 389 | 0

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева баштаган депутаттар барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын алкагында туруктуу комиссиялардын жыйындары өтүүдө. Жогорку Кенештин депутаттары ар кимиси өз тармагы боюнча туруктуу комиссиялардын жыйынына катышууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик түзүлүштү иликтөө боюнча комиссия  “Шайлоо кодекси”, “Паламенттик көзөмөл”, “Антикризистик жөнгө салуу инструменттеринин салыштырма-укуктук анализи”, “Мамлекеттик сыйлыктар” туурасындагы бир катар моделдик мыйзамдарды талкууга алды.

Аталган мыйзамдар боюнча Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан сунуштар киргизилген. Туруктуу комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө аталган моделдик мыйзам долбоорлоруна сунушталган өзгөртүүлөр боюнча пикир алмашты. Моделдик мыйзамдардын максаты Парламенттер аралык ассамблеяга мүчө өлкөлөрдөгү мыйзамдарды бири-бирине жакындаштыруу, карама-каршылыктарды жоюу, социалдык-экономикалык карым-катнашты жакшыртууга жол ачуу болуп эсептелет.

 

Copyright © 2017 Maral FM