Марал Радиосу

ТИМ: Метродо теракты уюштуруга катышкан деп табылган Азимов Кыргызстандын жараны эмес

Бир топ Массалык маалымат каражаттарында “Кыргызстандыкты түбөлүк эркинен ажыратуу коркунучу турат” деген аталыш менен чыгып жаткан маалымат боюнча 2017-жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербург шаарындагы метродо терракты уюштурууга катышкан деп күнөөлүү катары табылган А.Азимов Кыргызстандын жараны эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.