Марал Радиосу

2020-жылы пенсиялардын өлчөмүн 1-октябрдан көбөйтүү пландаштырылды

Мыйзамга талабына ылайык 2020-жылы пенсиялардын өлчөмүн 1-октябрдан тарта көбөйтүү пландаштырылды. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев Жогорку Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Мыйзам долбоорунда пенсияларды индексациялоо аркылуу көбөйтүүгө 829 млн сом каралды. Ал каражаттын 51 млн сому республикалык бюджеттен, калган бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен берилет. Бул болжол менен жалпы пенсиялардын базалык бөлүгүнүн 7 пайызын түзөт, — деди Ирсалиев.