Марал Радиосу

Кыргызстан ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына биринчи жолу шайланды

Кыргызстан тарыхта биринчи жолу ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешинин курамына – Уюмдун жетектөөчү органына шайланды. Тиешелүү чечим ушул жылдын 20-ноябрында Парижде Уюмдун Башкы конференциясынын 40-сессиясында добуш берүүнүн жүрүшүндө кабыл алынды. Сессиянын ишине Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган делегация катышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 2019-2020-жылдарга ЮНЕСКОнун Аткаруучу кеңешине өз талапкерлигин койгон Азиялык-Тынч океандык регионундагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан экинчи орунду ээлеген. Добуш берүүгө катышкан 180 өлкөнүн ичинен 157 өлкө Кыргызстан үчүн өз добуштарын беришти.

Кошумчалай кетсек, ЮНЕСКОго 1992-жылы мүчө болгон учурдан баштап Кыргызстан Уюмдун алкагында активдүү ишмердүүлүктү жүргүзүп келет. 2012-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча Өкмөттөр аралык Комитетинин мүчөсү болуп шайланып келген, ал эми 2017-жылдан баштап өлкөбүз  ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетинин жана ЮНЕСКОнун Коммуникацияны өнүктүрүү Эл аралык программасынын Өкмөттөр аралык Кеңешинин мүчөсү болуп саналат.