Марал Радиосу

Президенттин мүлктөрү: 23 жер тилке, трактор жана 1 млн сомдук киреше

YEREVAN, ARMENIA - OCTOBER,1 (RUSSIA OUT) Kyrgyz President Sooronbay Jeenbekov attends the meeting in the State Residence in Yerevan, Armenia, October,1, 2019. Leaders of Russia, Armenia, Belarus, Kazakhstan, Kyrgyzstan, Singapore and Iran have gathered in Yerevan for the Supreme Eurasian Econonic Council Meeting. (Photo by Mikhail Svetlov/Getty Images)

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдагы кирешеси 902 миң 785,92 сомду түздү. Бул тууралуу Бирдиктүү салык декларациясында айтылат.

Чыгымдар жок. Өлкө башчысына 23 жер тилкеси жана 160 чарчы метр аянттагы турак үйү катталган. Мындан сырткары, МТЗ-80 трактору бар.

Мамлекет башчысынын туугандарынын кирешеси 4,2 млн сом. Аларга 13 жер тилкеси катталган, бир батир жана «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа катталган. Мындан сырткары, президенттин туугандарында жалпы 7 млн сомго бааланган ири мүйүздүү малы жана 640 миң сомго жеткен жылкылары бар экени айтылат.