Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 22-ноябрда тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 398 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 22-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: -1….-6… күндүз: 0…..-5 C;

Талас облусунда

түнкүсүн: -2…..-7….күндүз: 0…..-5°C;

Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 1…..6°C

Ош облусунда

түнкүсүн: -2…..3….күндүз: 1…..6°C

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: -3…..2….күндүз: 1……6°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: -5….-10…..күндүз: 1…..6°C;

22-ноябрда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2……-4 C, күндүзү 0..…-2°C.

Copyright © 2017 Maral FM