Марал Радиосу

Аэропортто өлтүрүлгөн жарандын Саймаитиге байланышы жок

“Манас” аэропортунда унаанын жүк салынуучу жайынан жансыз денеси табылган К.Х. аттуу жаран менен Айеркен Саймаитинин байланышы жок. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов бүгүн, 21-ноябрда билдирди. Анын айтымында, бул экөөнүн ортосундагы байланыш такталган жок.

Белгилей кетсек, 23-октябрда “Манас” аэропортунун унаа токтотуучу жайында унаанын арткы бөлүгүндө 39 жаштагы К.Х. аттуу жарандын сөөгү табылган. Буга шектүү эки жаран кармалып, үчүнчүсү издөөдө.

Ал эми 10-ноябрда Стамбулда ишкер Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектелип 4 адам кармалган. Анын экөө кыргызстандык экени айтылган.