Марал Радиосу

Президент: Бир дагы бала светтик илимден четте калбашы керек

«Бир дагы өспүрүм бала светтик илимден четте калбашы керек». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өткөн дин темасына арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Биздин Конституциянын 45-беренесинде негизги жалпы билим алуу милдеттүү деп жазылып турат. Ошондуктан медреседе болобу, чиркөөдө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек.

Бүгүн мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференция өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.