Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы Француз Эл аралык мамилелер институтунда эксперттер менен жолугушту

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 421 | 0

Бүгүн, 20-ноябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Француз Эл аралык мамилелер институтунда (IFRI) эксперттер менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Министр Кыргызстандын тышкы саясатынын стратегиялык багыттары, ошондой эле регионалдык жана көп тараптуу кызматташуунун алкагында өлкөнүн кызматташуусунун экономикалык жана социалдык-маданий аспектилери тууралуу айтып берди.

БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө басым жасоо менен, өлкөнүн башкы приоритеттери менен программалары жөнүндө белгилеп, эксперттердин суроолоруна жооп берди.

Интерактивдик талкууда ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу коопсуздук жана коркунучтар маселелерин дагы козгошту.

Министр катышуучуларга Президент Сооронбай Жээнбековдун Париж климаттык конвенциясын ратификациялоо жөнүндө Жарлыкка кол койгондугун кабарлады жана ал конвенцияны ишке ашыруу боюнча кызматташууга кыргыз тарабынын ачыктыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM