Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча өлкөдөгү калктын саны 2019-жылга карата 6 млн 389 миң 500гө жетти, алардын арасында жүздөн ашык улуттун өкүлдөрү бар.
Анын ичинде кыргыз улутундагы жарандар 73,5 пайызын түзөт, тактап айтканда 4 млн 695 миң 646 жаран.
Башка улуттардан эң көбүн өзбектер түзөт: 14,7 пайыз же 940 миң 628.
2009-жылга чейинки маалымат ар бир 10 жылда чыккан эл каттоонун негизинде алынган.
***Маалымат Улуттук статистикалык комитетке таандык.