Биз менен байланышыңыз

Эмне үчүн чек ара маселеси жабык каралат?

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Ноя 2019 | 646 | 0

Мамлекеттик сырлар боюнча мыйзамга ылайык, чек ара маселеси жабык каралат. Максималдуу пайда алуу багытында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр мамлекеттик купуяга кирет. Бул тууралуу вице- премьер-министр Жеңиш Разаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, талаш жерлерди тактоо боюнча түзүлгөн комиссияда сүйлөшүлгөн маалыматтар эч жакка чыкпашы керек:

-Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган шарт болушу зарыл. Жер алмашуулар сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен болот. Биздин стартегиялар интернет аркылуу ачыкка чыкса, биз божомолдоп жаткан нерселер бузулуп кетет. Чек ара маселесинде депутаттардын кызыкчылыгы бар деген маалымат туура эмес. Бүгүнкү күндө органдар тийиштүү деңгээлде иштеп жатат. Чек ара аймактарында жакшы жылыштар болууда. Кырдаалды бир күндө жакшыртуу мүмкүн эмес, — дейт Разаков.

Ал чек араларды тактоодо тажик тараптан жетиштүү кадам болбой жатканын белгиледи.

Разаков кошумчалагандай, быйыл чек арага жакын жайгашкан жергиликтүү элге жер бөлүп берүү маселеси колго алынып, Баткен районунун Аксай, Актатыр, Самаркандек айыл аймактарында 500 гектарга жакын жер трасформацияланды. Жарандар бөлүнүп берилген жерге үй куруп, тийиштүү инфраструктурасын камсыздай алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM