Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратуранын «Антошка» тез татым борборундагы өрт боюнча билдирүүсү

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 952 | 0

Бишкекте 8-ноябрда жарылуу болгон «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы «Антошка» тез татым борбору боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп, аталган борбордо өрт коопсуздугу сакталбагандыгын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Окуяга себеп болгон газ баллондун тез татым жайында колдонулушуна мыйзам боюнча жол берилбейт.

Мындан тышкары, «Антошка» тез татым борбору жайгашкан жердин 2015-жылы Бишкек шаардык мэриясынын компетенттүү органдары тарабынан «жерди уруксатсыз кеңейтип кошуп алуу» фактысы  аныкталган. Бирок мыйзам бузуулар дээрлик иш жүзүндө жок кылынган эмес.

Текшерүү боюнча чогулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки өндүрүш үчүн Бишкек шаардык ички иштер органдарына жиберилген.

Эске салсак, «Антошка» тез татым борборундагы кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы бир кызматкер кыз көз жумган.

 

Copyright © 2017 Maral FM