Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан — Франция парламенттер аралык кызматташуусунун келечектери талкууланды

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 526 | 0

Кечээ, 18-ноябрда Парижде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын Сенатынын «Франция-Кыргызстан» достук тобунун төрайымы Натали Гуле менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинен билдиришти.

Тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнүн позитивдүү мүнөзүн белгиледи жана эки тараптуу парламенттер аралык кызматташуунун келечектерин талкуулады.

Гуле Кыргызстанда жүрүп жаткан өнүгүү процесстерин бөлүп көрсөтүү менен бирге кызматташууну бекемдөөгө Франция мамлекети да кызыктар экендигин белгилеп, Кыргызстандын Франциядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы достук байланыштарды мындан ары бекемдөөгө түрткү берет деп ишендирди.

Парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө максатында 2020-жылы Достук Тобунун мүчөлөрүнүн Кыргызстанга сапары пландалып жатканын Франциянын Сенатынын мүчөсү маалымдады.
Тараптар ошондой эле региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы бизнес контакттарды бекемдөө маселелерин талкуулады.

Copyright © 2017 Maral FM