Гонконгдо нааразычылыгын билдиришкен студенттер басып алган Политехникалык университеттен соңку бир күндө 600дөн ашык студент кампустан чыгып кетишти. Ал жерде жүздөй гана башаламандыкты уюштуруучулар гана калган. Бул тууралуу окуяны тынчтык жолу менен аяктоого чакырган Гонконгдун өкмөт башчысы Кэрри Лам билдирди.
Маалыматка ылайык, акцияга катышкандардын 200дөйү 18ге толо элек жаштар болгон. Жашы жете элек демонстранттарга өздүк маалыматтарын калтыруу менен үйгө кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берилген.
Андан сырткары, башаламандык кылган 400 катышуучу кармалган.
Окуу жайдын алдында полиция кызматкерлерине болгон нааразычылык жекшемби, 17-ноябрь күнү кечинде башталган. Кампусту курчаган студенттер имараттын ичине кирүүгө аракет кылган полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн.
Бир нече саатка созулган кармаштан соң, полиция кызматкерлери университеттин ичине киришкен. Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ жана суу чачуучу куралдарды колдонушууда.
18-ноябрга караган түнү Гонконгдо болуп өткөн кагылышуу бир нече айга созулган көтөрүлүштөгү каршылык көрсөтүүнүн эң катаал учуру болду.
Митингдин катышуучулары полиция кызматкерлерине каршы колго жасалган өрт чыгаруучу суюктуктарды колдонушкан.