Марал Радиосу

Керималиев: Коомдук угууда айтылган маселелер жөнгө салынат

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилиги коомдук угууда көтөрүлгөн маселелердин үстүндө иш алып барат. Бул тууралуу аталган министрликтин жетекчисинин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Ал Кыргызстан ЕАЭБге кирүү менен туура жолдо баратканын белгиледи.

«Анткени биздин базарыбыз чоң. Бирок кээ бир маселелер туура эмес болуп калууда, аларды оңдоого болот. Биз коңшу мамлекеттерди да сыйлашыбыз керек. Дыйкандар жер-жерлерде сертификаттарды алып кетсе, товар артка кайтарылмак эмес», — дейт Керималиев.

Ал мындан сырткары, министирлик буудай өндүрүүдө түшүмдүүлүгү жогору үрөн себүү иштерин улантыларын кошумчалады.