Марал Радиосу

«Айыл чарбанын көйгөйүн Абылгазиев менен талкуулоо керек»

«Айыл чарбанын көйгөйү 5 күн айтылса да түгөнбөйт. Дыйкан, фермер, ветерандардын атынан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, аны менен бир күндүк талкуу жүргүзүү керек». Мындай пикирин коомдук ишмер Кемел Ашыралиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишине баа берүү боюнча Бишкекте өтүп жаткан коомдук угууда билдирди.

-Кыргызстанга жүн иштетүүчү фабрикаларды куруу зарыл. Ошондо койлордун саны көбөйөт. Азыр айыл өкмөттөр эч нерсеге жооп бербейт. Ал эми жалгыз Айыл чарба министрлиги эч нерсе кыла албайт, — дейт Ашыралиев.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуу өттү.