Марал Радиосу

Айыл чарба тармагындагы негизги 3 көйгөй аталды

Айыл чарба тармагында жер кыртышынын эрозияга учурашы, жайыт маселеси, климаттын өзгөрүшү — негизги көйгөй. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев аталган министрликтин ишине баа берүү боюнча Бишкекте өтүп жаткан коомдук угууда билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба тармагында фермерлерди каржылоо маселеси жакшы иштеп жатат. Насыянын пайыздары төмөндөтүлүп, техникалык парктар, инновациялык техникалар жаңыланды. Өкмөт алгылыктуу иштерди аткарууда.

Министрлик пайдаланылбай калган 110 миң гектар жерди ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Ага ири фермердик компаниялар жардамдашты.

-Кактын 65%ы айыл чарбачылыгы менен алектенет. Базар экономикасына өткөн соң, айыл чарба жеке жактарга берилген. Майда дыйкан чарбалар иштеп жатат. Акыркы жылдары өндүрүлгөн продукциянын сапатына маани берилүүдө. Алсак, мал чарбачылыгында малдын санына эмес, сапатына басым жасалууда. Министрликтин максаты — азык-түлүк коопсуздугун сактоо. Дыйкандар менен, тийиштүү мекемелер менен иштеп жатабыз, — дейт Керималиев.

Ал белгилегендей, министрлик сүт, жер-жемиш азыктары жана кумшекердин коопсуздугун камсыз кылды. Буудайдын илешчээктигин жакшыртуу багытында иштер жүрүүдө. Ал эми мал чарбачылыгында ЮСАИДдин колдоосу менен 7 чарба түзүлгөн. Анын негизинде талаачылыкта 14 чарба курулган.

-Биз импортко көз каранды эмес мамлекет болууга аракет кылып жатабыз. Ар түрдүү саясий партиялардын ишине кийлигишпейбиз. Дыйкандарга жакшы шарт түзүү — негизги максатыбыз. Былтыр түшүмдүү жыл болгону менен, дыйкандын өндүргөн картошкасы өтпөй калды. Кайра иштетүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул министриликтин приоритеттүү багыты. Дыйкандардын ишин жеңилдетүү максатында маалымат алууда бирдиктүү терезелерди ишке киргиздик, — дейт Керималиев.

Ал күнөскана, тамчылатып сугаруу боюнча багыттар үзүрлүү иштеп жатканын да кошумчалады.

Эске салсак, Бишкекте Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуу өтүп жатат.