Биз менен байланышыңыз

Евробиримдиктин атайын өкүлү Петер Буриан Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 306 | 0

Евро биримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан эки күндүк иш сапары менен бүгүн, 18-ноябрда Кыргызстанга келди. Бул тууралуу биримдиктин Бишкектеги офиси билдирди.

Буриан эртең, 19-ноябрда Бишкекте өтүүчү «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аталышындагы форумга катышат.

Эки күндүк иш сапарынын алкагында Бурин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жана Президенттин Аппараты менен жолугат.

Жолугушууда Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташуу маселелери, буга чейин болгон Федерик Могерининин Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыктары боюнча кийинки кадамдар жана уран өндүрүшүндө рекультивациялоо боюнча эки долбоорду гранттык негизде каржылоо жана таза суу менен камсыз кылуу долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Ошондой эле, Буриандин жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM