Марал Радиосу

Дарыгерлер Сербия президентинин өмүрүн сактап калышты

Аскердик-медициналык академиянын дарыгерлери Сербия президенти Александр Вучичтин өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Златибор Лончар маалымдады.

Министрдин айтымында, акыркы учурларда Вучичтин жүрөк оорусу козголуп жүргөн. 15-ноябрда абалы кескин түрдө начарлап кеткендиктен, ооруканага жаткырылган. Учурда президент дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы туруктуу.

Учурда Александр Вучич 49 жашта. Ал Сербияны 2017-жылдан бери жетектеп келет.