Марал Радиосу

Акматалиев: «Айдарбековдун ишин жакшы деп баалайм»

Саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун ишине жакшы деп бааларын билдирди.

Анын айтымында, Айдарбеков жакшы аракет кылып жатат. Ал социалдык тармактарда активдүү иштеп, коомчулукка ачык иш алып барууда:

«Дүйнөдөгү ири мамлекеттер, коңшу өлкөлөр менен ийгиликтүү мамиле болсо, анда Тышкы иштер министри жакшы иштеп жатат деген тыянак болот. Айдарбековдун ишин жакшы баалайм. Мындай жаш, тажрыйбасы бар чиновниктер аз жолугат», — дейт Акматалиев.