Марал Радиосу

Айыл чарба министрлигине баа берүү боюнча коомдук угуу өтөт

19-ноябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү боюнча коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу “Замандаш” саясий партиясынан кабарлашты.

Иш-чарага фермерлер, ассоциациялардын өкүлдөрү, эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышат.

Партиянын пикиринде, парламенттин профилдик комитеттери, жалпы парламент жана өкмөт министрликтин ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзө элек. Бул агросектордун ишинин начарлашына алып келип, фермерлердин кирешесинин деңгээли төмөндөйт.

Коомдук угуу “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун демилгеси менен уюштурулууда.