Биз менен байланышыңыз

Аман Саспаевди эскерүү кечеси өтөт

Кыска кабар | 17 Ноя 2019 | 851 | 0

19-ноябрь күнү Бишкекте белгилүү жазуучу, окумуштуу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Аман Саспаевдин 90 жылдыгына арналып эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, кечеде Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Жалын» элдик студенттик театры Аман Саспаевдин «Каныкейдин алтын билериги» аттуу аңгемесинин негизинде сахналык көрүнүш тартуулашат.

Иш-чарага бир катар акын, жазуучулар, Саспаевдин замандаштары, УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер катышат.

Эскерүү кечеси Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук мамлекеттик орус драма театрында өтөт. Иш-чара саат 18:00дө башталат.

Айта кетсек, Саспаев 55 миңден ашуун сөздү камтыган «Кыргыз-кытай» сөздүгүнүн автору.

Ал көп жылдар бою Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусундагы бөлүмүндө кеңешчи болуп эмгектенген.

Аман Саспаев 1929-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында төрөлгөн. 2015-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM