Марал Радиосу

Быйыл дагы 22 айыл таза суу менен камсыз болот

Ушул жылдын аягына чейин 22 айылда суу менен камсыз кылуу системаларын курулушу аяктайт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясында каралган долбоорлорду ишке киргизүүдө республикалык бюджеттин жана донорлордун каражаттары пайдаланылууда.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 117 айылды камтыган 73 объектке өздүк каражаттан 350 млн сом бөлүндү. Бүгүнкү күндө толугу менен каржылоо жүргүзүлдү. Алар:

Донолордун эсебинен каржыланган долбоорлорго токтолсок, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарынын курулушу жана реаблитациялоо боюнча республиканын 20 шаарында жана 23 калктуу конушунда жалпы суммасы 193,72 млн евролук жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Дүйнөлүк Банктын эсебинен 8,0 млн долларлык долбоорлор жүзөгө ашырылууда, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан суммасы 60,0 млн доллар түзгөн долбоор жактырылды.

Бүгүнкү күндө таза ичүүчү суу менен калктын  66,1%, ал эми саркынды сууларды чыгаруу тутумдары менен 29,2% эле камсыз болгон.

 Калктын ичүүчү таза суу менен камсыздалышы:

 

 

2019-жылдын 9 айына карата
Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо, % Саркынды сууларды чыгаруу тутумдары менен камсыздоо, %

(шаарлар)

Чүй облусу 80,86 30.8
Баткен облусу 52,96 20.0
Ош облусу 62,68 20.0
Ысык-Көл облусу 66 36,6
Нарын облусу 77,78 20.0
Талас облусу 80,0 20.0
Жалал-Абад облусу 55,88 15,3
Бишкек шаары + калктуу конуш – 90.0 + калктуу конуш – 70.0
Ош шаары + калктуу конуш — 85 + калктуу конуш – 60.0
Республика боюнча 66,08 29,2