Биз менен байланышыңыз

Ширин Айтматова Саймаити менен Сопоковдун кандай байланышы бар экендигин айтты (видео)

Кыска кабар | 17 Ноя 2019 | 5371 | 1

Мурдагы депутат жана «ҮМҮТ-2020» элдик кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова өзүнүн «Ютуб» каналында мурдагы Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков менен Түркиянын Стамбул шаарындагы отелдердин биринде 10-ноябрда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин мамилеси жана байланыштары боюнча социалдык баракчалар аркылуу жасаган иликтөөсүн жарыялады.

Анда эмне үчүн Сопоков өзүнүн «Рейндж Ровер» унаасын сатуу үчүн «Рамадан туризм» унаа салонуна өткөрүп бергендигин жана анын Айеркен Саймаити менен кандай байланышы бар экендиги айтылат.

Ошондой эле, анын чыныгы аты Эркин Самат экендиги жана анын «Инстаграм» баракчасында Сопоков менен Анкарада чогуу түшкөн бир канча сүрөттөрү болгондугу көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, Ширин Айтматова Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мекемелер аралык түзүлгөн жумушчу топтон бир канча суроолорго жооп берүүнү талап кылган:

1. — Айеркен Саймаити атылган учурда отелде ким менен отурган?

2 .- Ошол учурда мурдагы консул Сопоков кайда болгон?

3. — Эмне себептен издөөдө жүргөн жаран 2018-жылдын март айында Бишкекке келсе да, (Бишкек шаарында тартылган видеосу менен инстаграм баракчасына бөлүшкөн) кармалган эмес.

Эске салсак, Ширин Айтматова буга чейин дагы Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Түркиянын күч органдарына кайрылып, анын өлүмү боюнча материалдарды кылдат иликтеп, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулунун байланыштарын ачыкка чыгарууга чакырган болчу.

 

Райские горы Куньлунь: обстоятельства смерти Айэркина Саймаити и его связи с кыргызскими чиновниками. Эксклюзивное расследование Үмүт2020 о новых обстоятельствах смерти Айэркена Саймаити и его связях с экс-генсулом Кыргызстана в Стамбуле Эркином Сопоковым. — совместно с Aiganysh Aidarbekova и Болот Темиров. Если Вы хотите финансово поддержать наши расследования, пожалуйста пройдите по ссылке на наши реквизиты:http://umut2020.org/donation/Странички в соцсетях:Facebook: Umut2020Instagram: @umut2020kgTwitter: @umut2020kgСсылка на Telegram канал https://t.me/umut2020Twitter Ширин Айтматовой @AitmatovaShirinЭлектронный адрес: kg.umut2020@gmail.com#үмүт2020, #кыргызстан, #тазашайлоо, #тогузпайыз, #ширинайтматова, #мамлекет, #биримдик, #тазамамлекет, #тазаөлкө, #эгемендүүлүк, #kyrgyzstan, #freekg, #жогоркукенеш #айэркинсаймаити #эркинсопоков

Опубликовано Umut2020 Суббота, 16 ноября 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM