Биз менен байланышыңыз

Куудулдун кесиптештери: «Жакут — жакшы жигит»

Жакында эле куудул Жакут Сыдыковдун кылмышка шектүү катары кармалганы тууралуу маалымат тараган. Аны укук коргоо органдары да тастыкташкан.

Алардын айтымында, Сыдыковдун жанынан баңгизат табылган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын негизинде  26-октябрда Ленин райондук соту куудулдун баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Сахналаштары куудул, ырчы Жакут Сыдыковдун мүнөзү, жүрүм-туруму, адамга жасаган мамилеси тууралуу «Маралга» айтып  беришти. Алардын сөзүн угуп отуруп, «Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт», «Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара» деген эл макалдарынын бекеринен айтылбаганына ынандым. Таланттуу инсан тагдыр салган сыноодон тайгылбай өтүп кетишин тилейбиз.

Гүлнара Кахарова, ырчы, Маданияттын мыкты кызматкери:

— Жакутту мен көп жылдан бери билем. Бул адам тууралуу бир да жаман сөз уккан эмесмин. Чыгармачыл чөйрөдө адамдын кандай экени бир саатта эле билинет. Жакуттун жаман сапат, терс мүнөзүн көргөн жокмун. Ал – аябай таланттуу, 5 убак намаз окуп, саждага баш койгон жигит. Бул да чоң  сыноо болсо керек. Ошол сыноодон тайгылбай өтүп кетсин.

Талант Кадыров, ырчы: 

— Жөнөкөй, кичипейил, улуу-кичүү дебей, баарына жакшы мамиле кылчу. Жакут менин таекем болот, сыйлашып турабыз. Төкмө акындык да таланты бар.

Курмангазы Азыкбаев, Кыргыз Эл артисти: 

— Ачык-айрым, маңдайы жарык, чындыкты бетке айтат. Эч качан бирөөгө жамандык кылбаган, менменсинип, текебер мамиле жасабаган укмуш керемет жигит. Эл үчүн иштеген, күлкү-юморду катыра айткан таланттуу адам.

Борончу Кудайбергенов, куудул: 

— Жакут – куудул жигит. Жакшы ырдайт. Жаман мүнөзүн деле көргөн эмесмин. Күлүп коюп эле жүрө берет. Намаз окуган, түз жолдо жүргөн инсан катары билем.

Бакыт Мамаев, ырчы: 

— Мен бул талантты бала чагынан билем. Мүнөзү шайыр, бир кемпирдин жалгыз баласы. Ак-Талаа районунан чыккан жалгыз куудул. Мен жаман жагын эч убакта көргөн эмесмин. Жумуш дегенде ичкен ашын таштаган  бала. Мындай окуя болуп кеткенине түшүнбөй калдык. Тамашакөй, мыкты мырза.

 

Copyright © 2017 Maral FM