Марал Радиосу

Абылгазиев көп жыл курулушу бүтпөй жаткан мектептерге барды

Өлкөдө билим берүү мекемелерине муктаждык болуп турганда, курулуп жаткан курулуштар тез убакытта бүткөрүлүшү керек. Мындай талапты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы мектептин курулушу менен таанышуу учурунда билдирди.

Военно-Антоновка айылындагы жаңы мектептин курулушу 2012-жылы башталган. Бирок иш алигиче бүтө элек.

Беловодское айылындагы 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп да 4 жылдан ашуун убакыттан бери курулууда.

Өлкөдө бир дагы авариялык абалдагы мектеп калбашы керек. Бул үчүн бардык күч-аракетибизди бириктирип, жөнгө салынган ишти уюштурууга тийишпиз. Коррупцияга каршы күрөш боюнча эсепке келип түшкөн каражаттардын бир бөлүгү дал ушул мектептерди жана бала бакчаларды курууга жумшалат, — деди премьер өз сөзүндө.

Өкмөт башчы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин өз убагында чара көрбөгөндүгү, жалданма компанияларды тандоодогу шалаакылыгы үчүн сынга алды.

Милдетти аткара албаган компанияларды «кара тизмеге» киргизүүнү,  мамлекет тарабынан каржыланган курулуш объектилерди бербөөнү тапшырды.