Биз менен байланышыңыз

Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлери чогулду

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 430 | 0

Министр Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 15-ноябрында Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Министрлер Орто Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусун өткөрүүнү даярдоо маселелерин талкуулашты жана регионалдык кызматташуунун күн тартиби, актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Айдарбеков ар тараптуу соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, региондо коопсуздукту камсыз кылууга жана учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди мындан ары консолидациялоого багытталган кызматташууну жандантуу маанилүү экенине көңүл бурду.

Ошондой эле, кыргыз тарап экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи, жана бул контекстте Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагында жайгашкан уран калдык сактагычтарга жана мөңгүлөрдүн эрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө региондун бардык өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин натыйжалуу координациялоо зарылчылыгын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM