Марал Радиосу

ЖАМКнын тергөөчүсү пара талап кылган деп шектелип кармалды

Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат бөлүмү  кабарлады.

12-ноябрда министрликтин ички иликтөө кызматына О.Н. аттуу айым кайрылган. Арызда ЖАМКтын тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштөгү ишти О.Н. айымдын пайдасына чечип берүү үчүн 20 миң сом акча талап кылганы айтылат.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326 “Пара талап кылуу” беренеси менен катталган.

Кечээ шаардын кафелеринин биринде айтылган суммадагы акчаны алып жаткан жеринен ЖАМКтын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, ички кызматтын кичи лейтенанты У.М. кармалды.