Марал Радиосу

Александр Крестинин: Футболчуларыбыз жеңилсе да татыктуу ойношту

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин командасы Япония менен беттеште татыктуу ойноду деп белгиледи. Бул тууралуу ал беттештин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында айтты. Команда бул беттештен мыкты тажрыйба алганын, Азия чөлкөмүндөгү күчтүү команда менен татыктуу таймаш жүргүзгөнүн билдирди.

Гол киргизе турган учурлар болду. Атаандашка караганда биз көбүрөөк кооптуу абал түзө алдык. Япония ыңгайлуу учурларды пайдаланып гол киргизишти. Биз жакшы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албадык. Футболчуларыбыз атаандаштын мыкты экенин билсе да, ишенимдүү, тайманбастан ойношту. Жыл өткөн сайын бизде алдыга жылуу болуп жатат, — деди Крестинин.

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы кечээ Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Япония командасы менен беттешип, 0:2 эсебинде утулду. Бул Кыргызстан – Япония расмий оюндагы алгачкы беттеши болду.

Беттештин 41-мүнөтүндө Такуми Минамино 11 метрлик айып тобунан жана Генки Харагучи 53-мүнөттө алыскы аралыктан стандарттык абалдан пайдаланып, эки гол киргизишти.

Курамалар 2022-Дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдешине тандоо турунун алкагында кездешти.

Бешинчи турдун жыйынтыгы менен Япония 12 упай менен тизменин сап башында, 6 упай топтогон Кыргызстан экинчи орунда баратат. Ал эми Тажикстан үчүнчү, Монголия төртүнчү ал эми Мьянма бешинчи орундарды ээлешкен.