Марал Радиосу

Текебаев: «Ата Мекен» — кедей партиялардын бири

«Ата Мекен» кедей партиялардын бири. Бул тууралуу аталган партиянын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Ата Мекен» партиясы талапкерлерден жыйналган акча менен иштейт.

Шайлоо алдында блоггер, журналисттердин тизмесин түзүп, алар менен иштешүү зарыл. Мындай кампанияга 1,5 млн доллар кетет.

«Аны 120га бөлгөндө, ар бир талапкерге 10 миң доллардан тиет. Бирок бул сумма «Ата Мекендеги» талапкерлерге 30 миң доллардан айланат. Анткени тизмедегилердин баары акча төлөй албайт. Партия белгилүү адамдарга да муктаж. Мыйзам чегинде каражат ушинтип жыйналат», — дейт Текебаев.

Ал шайлоолор күндөн-күнгө кымбаттап жатканын жана бул тенденциянын жалгыз эле Кыргызстанга эле эмес, жалпы дүйнөгө мүнөздүү көрүнүш экенин белгиледи.

Ошондой эле, ал алгач 56 рубль коротуп депутат болуп келгенин эске салып, ал кезде бай адамдардын жок болгонун айтып өттү. Бирок бүгүнкү күндө бир мандаттуу шайлоо системасы ишке кирсе да, парламентке карапайым адамдын өтө албай турганын кошумчалады.