Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Башмыйзамды өзгөртүү менен турмушту оңдой албайбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2019 | 762 | 0

«Конституцияны тарыхый кырдаалга жараша өзгөртсө болот. Бирок Башмыйзамды өзгөртүү менен турмушту оңдой албайбыз. Биринчи кезекте Конституция иштеши керек, бирок, ал бүгүнкү күнгө чейин четте турат». Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы, премьер-министр, сот бийлиги өз милдетин адилеттүү аткарса, Конституция иштейт. Башмыйзамдын иштебегенине биринчи кезекте адамдар күнөөлүү.

— Биз эски адатыбыздан кайта албай жатабыз. Президент эмес, анын тууганы, досу да айылга келсе, баарыбыз тосуп алып «эмне дейт болду экен» деп бузуп жатабыз. Азыр коалиция ураса, өкмөт башчы кызматтан кетип, мандатты президент алып калат . Ушундан улам, баары өлкө башчыга көз каранды болуп, тегерегинде айланып жүрүшөт. Мен коалиция ураса, мандат өкмөт башчынын өзүндө калуусун сунуштамакмын, — дейт Текебаев.

Ал белгилегендей, Башмыйзамдын негизги маселеси — бийлик. Ушул кезге чейин Орто Азия өлкөлөрүндө түбөлүк президент болуу салты сакталып келе жатат. Бирок Кыргызстан ал салтты бузду.

-Ал салтты партиялар калыптандырды. Кыргызстан Орто Азияда жаңы мүнөзү менен айырмаланат. Дүйнөлүк коомчулук кыргыз эли эркиндикти каалаган, намыстуу калк экенин айтып жүрөт. Мен калктын жаңы мүнөзүнө салым кошкондордун биримин», -дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM