Марал Радиосу

Салык кызматы: Жалган ишкердик кылуудан 112 млн сом салык кошумча эсептелди 

Жыл башынан бери салык милдеттенмелери боюнча дал келбестиктери аныкталган, жалган ишкердик кылуу белгилери бар бир катар субъекттерди текшерген. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 112,3 млн сом суммасында салык кошумча эсептелген, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52,7 млн сомго көп же өсүү ыргагы 188,6%ды түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Кошумча эсептелген суммадан бюджетке 17,7 млн сом түшкөн, анын ичинен 4,6 млн сом акча каражаттары менен. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу накталай акча каражаттары менен жоюу 3,4 млн сомго же 4 эсеге көп.

Белгилей кетсек, Салык кызматы кайра текшерүүлөрдү жүргүзүп келет, анын ичинде сот органдарынын чечими менен жалган ишкердик деп таанылган айрым субъекттердин мурда негизсиз чегерүүгө алынган КНСин жокко чыгарат.