Марал Радиосу

Кыргызстанда алтынды экспорттоо 47 пайызга жогорулады

Кыргызстанда жыл башынан бери алтынды экспорттоо 47,2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук стаститикалык комитет билдирди.

Өлкөнүн экспорттук көрсөткүчтөрү жогорулаганы алтындын эсебинен болгон. Былтыркы жылдын 9 айына салыштырмалуу быйыл алтын экспорттун 41 пайызын түзгөн. Кыргызстан алтынды көрбүнчө Улуу Британияга экспорттойт.

Кыргызстандын тышкы соода алакасы быйылкы жылдын 9 айында 5 млрд доллардан ашык акчаны түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 пайызга жогорулады.

Экспорттук көрсөткүчтөр 11,7 пайызга өсүп, импорт 7,3 пайызга кыскарган.

Мындан тышкары, эт жана эт азыктарынын экспорту 2,8 пайызга өскөн, кургак жемиштер 32 пайызга, жер-жемиштер 1,5 пайызга жогорулаган.

Ошол эле учурда, кийим кечектердин экспорту 1,7 пайызга кыскарган, анын ичинде бут кийим 1,7 пайызга, кара металл 26 пайызга, чийки мунай затын экспорттоо 23 пайызга кыскарган.