Марал Радиосу

Өлкө башчысы экологиялык дипломатияны илгерилетүүнү Өкмөткө сунуштады

Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүн — экосистема жана адамдар үчүн олуттуу коркунуч катары тааныйт. Кыргызстан — өзгөчө экотуристтик ресурстук потенциалы бар, экологиялык таза продукциянын өлкөсү. Бул тууралуу өлкө башчысы дипломатия кызматкерлеринин 75 жылдыгына карата иш чарада сүйлөп жатып айтты.

Кыргыз бийлиги экологиялык таза өлкөнүн статусун сактоого жана өнүктүрүүгө, аны улуттук брендге айлантуу ниетинде иштеп жатканын Жээнбеков белгиледи. Ошондуктан дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди — экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюларын өлкө башчысы айтып өттү.

Экологиялык дипломатия – жаратылышты коргоо, экологиялык кризистердин алдын алуу, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизчү иш- аракеттерди болтурбоо багыттарында чет өлкөлөр менен эки жана көп тараптуу кызматташтыкты билдирет. Жогоруда белгиленген артыкчылыктуу багыттардын баарын тең камтыган экологиялык дипломатия боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну Өкмөткө сунуштайм”, — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Exit mobile version