«Жашыл экономика – Күчтүү аймактар – Өлкөнүн туруктуу өнүгүшү» аталылышындагы экономика жумалыгы башталды. Бир жума бою өлкөнүн аймактарында жашыл экономикага байланыштуу атайын иш-чаралар, тренингдер өтүлөт. Бул саамалык өлкөдө 5 жылдан бери өтүп келет. Максаты — Кыргызстанды таза, табигый жолдор менен өнүктүрүп, экономикага салым кошуу. Бирок аталган долбоордун алкагында беш жылдан бери жасалган иштер, сунуштар кагаз бетинде гана калып, мерчемделген деңгээлге жетпей калып жатканын айтып, нааразы болгон эксперттер да арабызда жок эмес.
11-17-ноябрь күндөрү Кыргызстанда жашыл экономика жумалыгы башталды. 15-ноябрь күнү мааракелик форум өткөрүлүп, башка жактан атайын бул багыт боюнча келген эксперттер менен биргеликте талкуулар өткөрүлөт. Бул тууралуу Экономика министринин стратегиялык пландоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгын башчысы Айбек Кадыров билдирди. Ал 2019-2023-жылдарга карата жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы иштелип чыкканын жана жумалыктын негизги максаты – жашыл экономиканын принциптерин жайылтууну көздөгөн адамдардын башын бириктирүү, ошондой эле, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдө бул принциптерди колдонуунун пайдасы менен мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү керек экенин кошумчалады. Жашыл экономика жумалыгынын алкагында Кыргызстан боюнча жалпы 37 иш-чара өтөрүн белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:
— Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга карата жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы иштелип чыкты. «Жумалыктын негизги максаты – жашыл экономиканын принциптерин жайылтууну көздөгөн адамдардын башын бириктирүү жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдө алардын колдонулушунун пайдасы менен мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү. Жашыл экономика жумалыгында өлкөнүн аймактарында жашыл экономиканы жайылтуу жана өнүктүрүүнүн жолдорун белгилөө, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулат.
Жашыл экономика долбоорунун алкагында, өлкөгө электромобилдерди алып келүү иши да каралган эле. Бул бир жагынан каражатты үнөмдөөгө ылайык болсо, экинчи жагынан экологияга терс таасирин тийгизбейт. Бирок бүгүнкү күндө өлкөгө электромобилдерди алып келүү кадамдары жасалып жатканы менен, ага тиешелүү жабдуулар алдыдагы 2 жылда гана жасалып, орнотулат. Бул тууралуу экономика министринин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн адиси Эрмек Ашыров маалымдап, учурда Кыргызстанда 100гө жакын электромобилдик унаалар жүрүп жатканын айтып өттү:
-Биз бул багыт боюнча документтерди 3 этапка бөлгөнбүз. Анда электромобилге жана аны кубаттоочуу жабдыктарга салынган салыкты алганбыз. Бул нерсеге адамдардын ишениши да кыйын. Алар колу менен кармап көрмөйүн эч нерсеге ишенбейт. Бүгүнкү күндө инфраструктура боюнча атайын иштерди алып барып, эл аралык компаниялар менен сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүп жатабыз. Эки жылдын ичинде биз бул иштерди бүтүрүп, өлкөгө электробомилдерди алып келүү боюнча шарттарды түзүп бүтөбүз деген пландарыбыз бар. Эмнеге мынча көп убакыт дешиңер мүмкүн. Бирок, бул иштин өзү татаал иш. Анткени унааны кубатточуу жайларды, аларга тиешелүү жабдыктарды алып келип, орнотуу да ошончо убакытты талап кылат. Эгерде бул система кирип калса, элге абдан ыңгайлуу жана арзан болот.
«Жашыл экономика жумалыгы 5 жылдан бери өтүп жатканы менен аны өнүктүрүүнүн атайын программасы жок болчу. Ушундан улам жетишерлик деңгээлде жыйынтык болгон эмес», — дейт жашыл экономика боюнча эксперт Кылыч Жакыпов. Ал жашыл экономика долбоорун ишкерлер, дыкат карап ошого жараша иш-аракеттерин жүргүзбөсө, пикир келишпестиктердин келип чыгарын айтат. Анткени аты айтып тургандай эле, жашыл экономиканы түзүүнүн шартында кандай гана өндүрүш же мекемелер ачылбасын, бардыгы талапка жооп бериши керек.
-Акыркы 5 жылдын ичинде элди чогултуп, Жашыл экономика тууралуу маалымат берип келе жатабыз. Анткени көп адамдардын бул багыт боюнча дээрлик маалыматы жок болчу. Кандай принциптерди колдонуш керек? Эмнелер болот же болбойт деген так түшүнүк жок болчу. 2018-жылы парлментте бул суроо көтөрүлүп, анын негизинде атайын программа иштелип чыккан. Ошондон кийин гана форумдарга келген ишкерлер башка өндүрүшчүлөргө зыян келтирбеш үчүн эмне кылыш керек? Кантип программанын негизинде иш алып баруу керек экендиги тууралуу атайын эксперттер өз пикирлерин айтышкан. Бирок, тилекке каршы, бул кадамдар көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбай жатат. Анткени экономика менен жашыл экономиканын ортосунда чоң айырма бар. Муну биздин жеке ишкерлердин айрымдары эми гана түшүнүп, баштап жаткан иштерин жашыл экономикага буруп жаткан кездери.
«Жашыл экономика беш жылдан бери бир гана кагаз жүзүндө иш жүргүзүп келет», –дейт «Биз эксперт» аналитикалык борборунун директору Улук Кыдырбаев. Ал экономика менен экология тармагы бири-бири менен биргеликте, талаптарга жооп бере турган ишти алып барганда гана жашыл экономика долбоору ишке ашарын белгилейт. Ошондой эле ишкерлер кандайдыр бир бизнес ачууда, жашыл экономиканы унутта калтырып, экологияны эмес, экономиканы тандап кетип жатканын Кыдырбаев жашырган жок. Электромобилдерди Кыргызстанга алып кирүүгө аракет кылган ишкерлерди мамлекет салыгын жеңилдетүүнүн ордуна, тескерисинче, көп салып, бул багытка анчейин көңүл бурбай койгонун баса белгиледи.
-Жашыл экономика жумалыгы 5 жылдан бери айтылып, белгиленип эле келет. Бирок, тилекке каршы, бардыгы кагаз жүзүндө гана аткарылып жатат. Тиешелүү адамдарга, коомчулукка тарабайт. Мындай кадамдар менен бул долбоорду кантип ишке ашырууга болот? Болбойт да. Негизи, жашыл экономика дегендин өзү эмне? Бул экологияга зыян келтирбеген, технологияларды ойлоп-табуу, колдонуу дегенди билдирет. Бирок, мындай аракеттин Кыргызстнда өтө аз кылынып жаткандыгы кейиштүү. Маселен, электромобилдерди алып келүүнү депутаттар да сунуштап чыгышкан. Аларды алып келе баштаганда мамлекет алардын салыгын көбөйтүп койгон. Минтип отурса, андай унаалар келмек беле? Экинчи мисал, ишкерлер бизнесин ачып жатканда жашыл экономиканы унутта калтырып жаткандай. Эске алышпайт. Бул иш-аракеттин качан ишке ашары тууралуу айта албайм. Учурда бул долбоор күркүрөп өнүгүп кетти дегенден алысмын.
2015-жылдан бери жыл сайын «Жашыл экономика» форуму уюштурулуп келет. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү жылда 3-4 күнгө созулса, иш-чаранын жүрүшү быйыл 1 жумага созулат. «Жашыл экономика» жумалыгынын алкагында көптөгөн тармактарга көңүл бурулуп, 5-6 күндүн ичинде туризм, транспорт, энергетика, өндүрүш, айыл чарба, билим берүү жана маалымат жеткирүү багытында иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт. Жумалыктын акырында Бишкекте форум болуп, анда жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча маселелер козголот жана ага чет өлкөлүк эксперттер да катышат. Форумга бардык каалоочулар катыша алышат.