Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: Кар көчкү түшүүсү мүмкүн

11-ноябрдан 12-ноябрга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарыл.