Румынияда 10-ноябрда президенттик шайлоонун алгачкы туру болуп өттү. Жыйынтыктарга ылайык, азыркы мамлекет башчы Клаус Йоханнис алдыда келе жатат. Каршылаштарына караганда көбүрөөк добуш топтой алган Йоханниске шайлоочулардын 39%га жакыны добуш берген.
Мындай жыйынтык болору күтүлгөн болчу. Негизги суроо — экинчи турда Йоханнистин аттандашы ким болору кызык. Ал эми экинчи орунда мурдагы премьер-министр Виорика Данчилэ келе жатат.
Румыниянын Борбордук шайлоо бюросунун маалыматына караганда, бул 1-айлампада шайлоого укуктуу жарандардын 48%ы катышты.
Шайлоодо 14 талапкер ат салышты.
Румыниядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 24-ноябрда өтөт.