Марал Радиосу

Урмат Усенов маданият министринин кеңешчиси болду

Ырчы Урмат Усенов Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болуп дайындалды.

Усенов министрдин кеңешчиси бол деген сунушту кабыл алганын айткан. 

Буйрук чыкканын кошумчалаган ырчы, дүйшөмбү күнү министрликтин кызматкерлери менен тааныштыруу иштеринен соң, расмий түрдө жумушун баштайт.