Марал Радиосу

Боливия: Армия коргошу керек болгон элге каршы турбайт

Demonstrators take part in a protest against Bolivia's President Evo Morales in La Paz, Bolivia, November 8, 2019. REUTERS/David Mercado

Боливиянын куралдуу күчтөр башчысы Уильямс Калиман армия президент Эво Моралестин кайрадан шайлануусуна нааразы болгон элге каршы аракетке барбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат агенттиги жазды.

«Биз эч качан коргошубуз керек болгон элге каршы турбайбыз»,- деди аскер башчы.

Анын айтымында, армия демократия негизинде жана мекендештеринин биримдиги үчүн мыйзамга ылайык аракет кылат.

Буга чейин айрым маалымат булактары коргоо кызматкерлери каршылык акциясына кошулуп алганы тууралуу жазышкан.

Боливияда президенттик шайлоо 20-октябрда өткөрүлдү. Жыйынтыгында өлкө башчысы Эво Моралес жеңүүчү аталган. Анын башкы атаандашы экс-президент Карлос Меса Моралестин жеңишин моюндабай тургандыгын жарыялаган. Натыйжалар жарыялангандан кийин Боливияда нааразычылык акциялары күч алган. Президент Моралес өлкөдө өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялап, оппозицияны мамлекеттик төңкөрүш жасоодо күнөөлөгөн.