Марал Радиосу

Алексей Федосеев ММА мелдешиндеги алгачкы беттешин утту

Кыргызстандык спортчу Алексей Федосеев ММА мушкерлер мелдешиндеги алгачкы беттешин жеңди. Бул тууралуу анын менеджери Айбек Мусаев билдирди.

Бүгүн Түштүк-Кореянын Сеул шаарында өткөн Road FC 56 мелдешинде ал жергиликтүү Го Жи Вон аттуу мушкер менен беттешип, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңүүчү деп табылды.

Алексей буга чейин кикбоксинг менен машыгып, WAKO-PRO түрү боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болгон.