Марал Радиосу

УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков Талантбек Салиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кылып дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Талантбек Салиев 1975-жылы туулган, жогорку билимдүү. 1997-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында  түрдүү кызмат орундарда  анын ичинде жетекчилик кызматтарда кызмат өтөп келген.