Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милицияга кабыл алуу сынагынын үчүнчү баскычы башталды

Кыска кабар | 9 Ноя 2019 | 797 | 0

Бишкек шаары боюнча Патрулдук милицияга кызматкерлерди алуу үчүн сынактын үчүнчү баскычы жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) расмий сайтында айтылат.

Сынакка катышууга документтер 14-ноябрга чейин кабыл алынат. Ага ылайык, катардагы кызматтарга 19 жаштан 30 жашка чейинки жарандар, офицердик кызмат орун үчүн 21 жаштан 35 жашка чейинки жарандар документ тапшырса болот. Андан тышкары эркектердин бою 170 сантиметрден, кыз-келиндердин бою 165 сантиметрден кем болбошу керек.

Буга чейин Патрулдук милицияга эки жолу сынак өткөн. Анда  иштегиси келгендер алгач тандап алуу боюнча тест тапшырып, экинчи баскычта окуп жана түшүнүү сынагынан өтүшөт. Андан соң ден соолугу текшерилип, физикалык жактан даярдыгы каралат.

31-октябрдан тарта Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май райондорунда Патрулдук милиция кызматы ишке кирди.


Бишкекте жаңы түзүлгөн Патрулдук милиция кызматы ишке кирди (фото, видео)


Азырынча 600 кызматкер 56 машине менен коомдук тартипти жөнгө салып, жол кыймылынын коопсуздугуна дагы көзөмөл жүргүзөт. Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.

Финансы министрлиги Бишкекте патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоорду киргизүүгө 2020-жылдагы бюджеттен 184 млн. сом бөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM