Орусиянын Омск шаарында Казакстан-Орусия аймактар аралык кызматташтыктын XVI форуму болуп өттү. Ага катышуу үчүн атайын Казакстандын президенти Касым Жоомарт-Токаев барды.
Орусиянын президенти Владимир Путин «форум алгач ирет 2003-жылы Омск шаарында башталганын» белгиледи.
Бул жылы форум «чек-аралык кызматташууну өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелер» темасынын алкагында өттү.
Форум жыйынтыкталган соң Путин Токаевди аэропортко чейин узатып келди.