Марал Радиосу

Футбол: 9-ноябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын жолдоштук беттеши өтөт

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстандын улуттук курама командасы менен алдыда боло турчу 2022-дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунун алкагында, даярдык көрүү масатында эртең, 9-ноябрда достук бетешүүсү болот. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы билдирди.

Мелдеш Ташкенттеги “Пахтакор” стадионунда өтүп, Бишкек сааты боюнча 18:00дө башталат. Андан соң Улуттук курама 14-ноябрда саат 17.15 те өтүүчү Япония менен жана 19-ноябрда саат 20.00 боло турчу Тажикистан менен болгон мелдештерге даярдык көрөт. Эки мелдеш тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Оюнду Өзбекстандын «Спорт» телеканалы Өзбекстан-Кыргызстан курамасынын ортосунда жолдоштук беттешти түз эфир аркылуу чагылдырат.

Эске сала кетсек, улуттук курама 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Мьянма командасын 7:0 эсебинде уткан. 15-октябрда Монголия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ал эми биринчи беттешин Тажикстан менен конокто ойноп, 1:0 эсебинде жеңилип калган эле.